Каттоо



Аба ырайы

  • Ишм
  • Жек
  • Дүй
  • Ишм
  • Жек
  • Дүй

Зыярат статистикасы

mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн3
mod_vvisit_counterКечээ20
mod_vvisit_counterУшул жума41
mod_vvisit_counterӨткөн жума0
mod_vvisit_counterУшул ай41
mod_vvisit_counterӨткөн ай158
mod_vvisit_counterЖалпы4529

Online (20 minutes ago): 2
Your IP: 38.107.179.223
,
UTC: 2012-01-28 01:10

Кызматташкандар

ЖИА
ЖАШ ИШКЕРЛЕР АССОЦИАЦИЯСЫ
Шоокум
Шоокум - Илим,турмуш жана маданият журналы

Web баракчабызга кош келдиңиз!

Тажигүл Күнтүздүн “Кыялымдагы кыргыз айымы” аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү

PDF | Печать |

2011-жылдын 25-ноябрынан 30-ноябрына чейин Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде, ал эми 2011-жылдын 1-декабрынан 5-декабрына чейин Ош шаарындагы “Ыйык Ата Журт Ош” коомдук жаштар фондунун кеңсесинде Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине карата түркиялык кыргыз айым Тажигүл Күнтүздүн “Кыялымдагы кыргыз айымы” аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү уюштурулмакчы. Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи Бишкек шаарында 25-ноябрда саат 15:00дө, ал эми Ош шаарында 2-декабрда саат 15:00дө башталмакчы. Аземге Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Ибрагим Жунусов,Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев,Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев жана өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын ректорлору, мугалимдери, студенттери, архитекторлор, сүрөтчүлөр, бир катар мамлекеттик, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, ММКнын өкүлдөрү чакырылган.

Аземдин жүрүшүндө Тажигүл Күнтүздүн чыгармачылыгына байланыштуу видео-тасма көрсөтүлүп, куттуктоо сөздөрү айтылып, соңунда авторго мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар тарабынан түркүн белектер тапшырылат. Бул иш-чарага Түркиялык кыргыздардан Тажигүл Күнтүз менен биргеликте Вандагы кыргыздардын Стамбул шаарындагы өкүлү, Кыргыз маданияты жана жардамдашуу фондунун негиздөөчүсү, Стамбул мэриясына караштуу Түрк дүйнөсүнүн маданият үйлөрүнүн жетекчиси Абдулметин Кескин, Идил-Урал түрктөрүнүн фондунун негиздөөчүсү, профессионал сүрөтчү Атилла Күнтүз да катышмакчы.

Бөтөн жердеги боордошубуз Тажигүл Күнтүздүн чыгармачылыгын кыргызстандык туугандарына тааныштырууну “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи жана “Шоокум” журналы уюштурууда. Ошондой эле “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун жана “Шоокум” журналынын демилгеси менен чет өлкөлүк кыргыздардын Бишкек, Каракол, Талас, Жалал-Абад, Ош шаарларында, ЖОЖдун мугалимдери, студенттери, маданий-коомдук мекемелердин кызматкерлери жана жеке ишкерлер менен атайын жолугушуулары, Кыргызстандын аймагындагы тарыхый жайларды зыярат кылуу иш-чаралары да уюштурулмакчы.

Тажигүл Өзген Күнтүз 1958-жылы Түркиянын Кония шаарында төрөлгөн. Чоң атасы Парпибай ажы кыргыздын адигине уруусунан чыккан. Атасынын аты Тахир, энесинин аты Алайлык.Тажигүл Күнтүздүн чоң аталары 1930-жылы Ала-Тоодогу тарыхый-саясий кырдаалдардан улам Кыргызстандан айрылууга аргасыз болушкан. 7 жыл Кашкарда, 17 жыл Пакистанда жашап, 1954-жылы 40 түтүн кыргыз Түркияга көчүп барышкан. Алардын айрымдары Швецияга, айрымдары кийинчерээк Германияга кетишкен.

Тажигүл Күнтүз башталгыч, орто мектепти жана лицейди Түркиянын Кония шаарында бүтүргөн. Чукурова университетинин менеджмент факультетине тапшырып, окууну ийгиликтүү аяктаган. Өзү сыяктуу Түркияда төрөлүп-өскөн казандык татар жигитке турмушка чыккан. Учурда үч баланын энеси. Балдарына дагы кыргыз улутунун өзгөчөлүгү тууралуу дайыма айтып келет. 2004-жылы өмүрлүк жолдошун, балдарын Кыргызстанга алып келип, туугандары, мекени менен тааныштырган. Төрт жыл жеке сүрөтканада заманбап сүрөт өнөрүнөн дарс алган. Классикалык көркөм сүрөт өнөрүнөн кийин заманбап сүрөт өнөрүнө да абдан кызыккан. Көптөгөн сүрөт көргөзмөлөрүнө катышкан. Жети жылдан бери жеке сүрөтканасында эмгектенип, жаш сүрөтчүлөрдү тарбиялап келүүдө.

Тажигүл Күнтүз негизинен кыргыз аялдарынын кийимдеринин түрлөрүн жана кийимдерде камтылган түрдүү мотивдерди чагылдырууну мекенинин алдындагы милдети катары сезип, 25 сүрөт алып келди. Бул иштин үстүндө 3-4 жыл мурун эле иштей баштаган.

 

Мактаган балаң - маняк...

PDF | Печать |

Кезегинде акын Алыкул Осмонов: «Бүт дартыңды, өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!» деп, өзү сыз бөлмөдө ооруп жатып сыздап ырдаган эмеспи! Эх, десең! Ким эле бирөөнүн дартын мойнуна алып, «сен ооруба, мен ооруюн» деп айта алмак! Аны «Жерден жарака кетсе, ал жарака жүрөгү аркылуу өткөн, Ата-Журтунун дартын көрө билген Алыкулдай улуу акын гана айта алмак!

Ал эмне болгон дарт эле? Ошол 50-жылдарда Ата-Журтубуз кабылган дарттар бүгүн да ырбап, коомубуз «кайдыгерлик», «өзүмчүлдүк», «тууганчылык», «жердешчилик», «паракорлук», «сойкулук», «баңгилик», «аракечтик», «рэкетчилик» сыяктуу айыкпас дарттарга чалдыкты. Ал дарттар «төрөт үйүнөн башталып», «Ааламдын Айтматову» айткандай, «Ала-Тоодогу илбирстердин турмушуна чейин жетти».

Базар экономикасынын тонун аңтара жамынган мектептерибиз «бери карап сүйүнтүп, ары карап күйүнтүп» алган «кирүү взносу» университеттин студентинин төлөмүнөн алда канча ашып түштү. Коррупцияга көзү тунган мектеп баланын окуу-тарбия ишине кайдыгер мамиле жасоого өттү. Бала мектепке акча төлөп турса болду. Бирок, ал бала билимди акча менен сатып ала албайт да. Ошентсе да, билим менен тарбия баалуулук болбой калган бүгүнкү заманда балага да баары бир; баа керекпи, мугалимди «сатып алууга» болот. Ошентип, коррупция баланын да оорусу болуп калды. А «кайдыгерлик» дартына чалдыккан мугалимге «баланын класска келип-кетип турганы эсеп».

Подробнее...

   

Военноантоновка балдар үйү

PDF | Печать |

Фонддун демөөрчүлөрү менен биргеликте Военноантоновка балдар үйүн жаңы окуу жылы менен куттуктап, балдарга кечки тамак тартууланды. Дайым Сиздер сыяктуу кароосуз калган балдарга жакшы ата-энелер табыла берсин.











   

Урматтуу Кыргыз мамлекетинин жарандары!

PDF | Печать |

demoУрматтуу кыргыз элим жана мекендештер "Ыйык ата журт" коомдук жаштар фондунун "Ата журт" саясий партиясы менен эч бир байланышы жок. Буга чейин кызматташкан эмес жана келечекте да саясий өңүттөгү иш-чаралар аркылуу кызматташпайт.

   

Страница 1 из 2

Joomla! Template design and develop by JoomVision

БАКТЫБЕК ЖЕКШЕНОВ


Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн экономикасында, маданиятында жана бүтүндөй саясий-социалдык чөйрөсүндө эбегейсиз интеллектуалдык, илимий дараметке ээ жаштарыбыздын демилгеси маанилүү ролду ойноп бара жатат. Бүгүн коомубузда болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн чордонунда дал ушул жаштар турат. Учурда көп сандаган жаштар уюмдары, кыймылдары пайда болуп, ар кандай мүнөздөгү жана багыттагы иштерди алпарышууда. Бирок, «Ыйык Ата журт» коомдук жаштар фонду куру кыйкырык менен алектенген, донорлордун камчысын чапкан көп сандаган уюмдардан айырмаланып турарын айтып кетким келет. 2000-жылы түптөлгөн күндөн тартып эле фонд конкреттүү иш-чаралар менен алектенип, бул аракеттер өз жемишин берүүдө. Учурда мамлекеттик жаштар саясатын ийгиликтүү иш жүзүнө ашырууда, жаш жарандарды инсан катары калыптандырып, өз мекенине кызмат кылган чыныгы уул-кыздарды тарбиялоодо жаштардын коомдук уюмдары активдүү позицияны ээлеши зарыл.

СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ


«Улутубуздун оор шарттарына карабай, мезгилинен мурда жетилип, улуулар жасай турган ишти тайсалдабай аткарып келаткан жаштарыбыз барбы?» - десе, мен дал ушул «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондун жетектеген жигиттерди айтар элем. Бүгүнкү кыйын кырдаалда жашап жаткан Кыргызстанда аты-жөнү белгисиз коомдор өтө эле көп го. Алардын жасап жаткан иштерин да эл билбейт. Кантип жашап жатканы да белгисиз. Бирок, элдин ишенимине кирип, жалпы кыргыз жаштарынын колдоосуна ээ болуп, таанылып бараткан бул фонд өз ишин татыктуу, өз деңгээлинде жүргүзүп жатканына кубанам. Учурда бул фонд оптимисттик маанайда, патриоттук дем менен иштеп жатат. Мындан ары да ушундай эле дем менен иштеп, жаштарыбыздын жүрөгүндөгү жалынын өчүрбөй, аларды ар тараптан колдой берерине ишенем.

АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ


Таман акы, маңдай тери менен өнүп-өөрчүгөн асылзаттарды көп кылымдык мөмөлүү даракка окшоштурса болот. Эгер мөмө канчалык даамдуу жана ширелүү болсо, анын өтүмдүүлүгү да ошончолук артып, уругу узун элдин учуна жетери айдан ачык. Атүгүл, ал мөмө тек гана азык-түлүккө муктаж пенделердин кара курсагын кампайтпастан, алардын рухий көрөңгөсүн дагы толуктайт. Ал эми болочокто элди мөмөгө карк кылчу дарактын көчөтүн таап, аны «мите курттарга» жедирбей өстүрүү тажрыйбалуу багбанчынын эмгеги менен билимин талап кылат. Ушул өңүттөн алганда, мен эч тайсалдабай туруп, «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондун жалпы журт муктаж болгон керектүү көчөттөрдү өстүрүүчү «багбанчылар» бирикмеси же уюму дээр элем. Анткени, алар отургузган тандамал жаш көчөттөр келечекте ширелүү мөмө берерине көзүм жетет. Айрыкча көчөт өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүп алган ушул фонддун «багбанчыларына» суктанам. Демек, кыргыз калкынын тандаган жолу таштак эмес, даңгыр, улан-кыздары жалтак эмес, алгыр болоруна толук ишенем. Ошондуктан, жаш көчөттөрдү «мите курттан» коргоп, маалында азыктандырып туруу - жалгыз гана «багбанчылардын» эмес, жалпыбыздын милдет-парзыбыз деп эсептейм.

АЙДАРБЕК ЖОРОБЕКОВ


«Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду Кыргызстандагы башка уюмдардан кескин айырмаланып турат. Себеби, фонд жалаң гана биздин мекендеш жаштарыбыздан түзүлгөн. Коомчулукка кошкон салымы да алгылыктуу. Жүргүзгөн иш-аракеттери көз көрүнөө ишке ашууда. Бүгүнкү күндө түзүлгөн фонддор көбүнчө саясаттын кайсы бир нугуна түшүп алып, же алардын негизинде ачылып, кайра бат эле коомубузда ордун жоготуп жатышпайбы. Ал эми «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду өз алдынча түзүлүп, саясатка кийлигишпей, чет элдик уюмдардын жардамысыз бутуна туруп, иштеп жатканы - жүрөк сүйүнтөрлүк көрүнүш. Өлкөбүздөгү алдыңкы студенттерди колдоп, аларга ай сайын стипендия берип, ар түрдүү сынактарды уюштуруу, жыл сайын Кыргызстандын булуң-бурчундагы ар кыл кесиптин ээлерин чогултуп илимий симпозиум өткөрүү бардык эле уюмдардын колунан келе бербейт. Фонддун өлкөбүздө алган орду абдан чоң жана келечеги кең.